super.kg logo

Бишкекте жаңы имаратты куруу үчүн коңшу жайгашкан турак жайдын түбүнөн бери казып жатышат

 

Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө эки көп кабаттуу турак жайдын ортосуна жаңы мекеме түшүп жатат. Курулушка жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдирип жатышат. SUPER.KG порталы аталган жерге барып окуяга күбө болуп келди.

"Биз бул жерде курулуш болорун билгенбиз. Бирок биз жашаган үйдүн пайдубалы жок, мындан улам үйдүн бекемдигине терс таасирин тийгизеби деп кооптонуп жатабыз. Алар турак жайдын түбүнөн бери казып жатат. Эмнеге казып жатасыңар десек, түптөрүн бекемдөөгө деп жооп беришүүдө. Ошондой эле жаңы салына турган курулушту өз ишин билген кесипкөйлөр салат дейт, эгер өз ишин билген адистер салып жатса, анда алар баарын мыйзамдуу түрдө салып жатат деп ишенебиз. Биз бул жерде эртеден кечке балдарды окутабыз, аларга эч кандай терс таасирин тийгизбейби деп тынчсыздануудабыз. Эгер кооптоно турган нерсе жок болсо биздин эч кандай каршылыгыбыз жок", - дейт жергиликтүү тургандардын бири Инна Палкова.

Ал эми курулушту жүргүзүп жаткан тарап курулушка тийиштүү документтери бар экенин, баары мыйзам чегинде болуп жатканын билдирди.

Ал эми Экологиялык жана техникалык инспекциянын шаардагы курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев ал жердеги курулуш мыйзамсыз салынып жатканын, атайын уруксат бериле электигин жана курулуштарды көзөмөлдөөчү органдын каттоосунан өтө элек экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
28.03.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аркимдин оз укугу болсо керек оз жерин кандай иште туу бирок куз айларында фундаментин даярдап койбоптур, азыр болсо жаз жердин жумшаптурган убагы
29.03.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Адиевдерге окшош бирөөлөрдүн чөнтөгүн толтуруп коюп жумушун бүтүрүп жүрө берет да Мелис Адиев дегендер ХХХХХХ отурабы анда.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-29 01:56:49
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: