super.kg logo

Лондондогу көп кабаттуу имараттын чатырында 84 адамдын айкели пайда болду

 

Лондондогу көп кабаттуу имараттын чатырында 84 адамдын эстелиги пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Британиядагы эң алдыңкы ITV теле компаниясынын көп кабаттуу имаратынын чатырында 84 адамдын айкели пайда болгон. Шаар тургундары алгач бул айкелдерди өзүнүн жанын кыйууга даярданып жаткан тирүү адамдар экен деп ойлошкон.

Бирок компания эмне себептен имараттын чатырында бул айкелдер орнотулганын түшүндүрүп берген. Айкелдер "Долбоор- 84" деп аталган долбоордун алкагында орнотулган.Аларды орнотуу сунушун америкалык Марк Жеркинс аттуу сүрөтчү жана "CALM" кайрымдуулук фонду киргизген.

"Айкелдердин саны 84 болуп калышы дагы жөн жерден эмес. Анткени Лондондо бир жума ичинде орто эсеп менен 45 жашка чейинки 84 адам өз жанын кыят. Иш-чаранын негизги максаты өзүнүн жанын кыйган адамдардын санын азайтып, бул көйгөгө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат", - дейт Жеркинс.

Айкелдер чыныгы жашоодо өзүнүн жанын кыйган адамдарга түспөлдөштүрүп жасалган, айкелдерге адамдар 1-апрелге чейин күбө боло алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
28.03.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайра тескерисинче адамдын олушун эскертпейби ушинтип олсо болот экен да деп
28.03.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Секиртчуудой кылып аларды анын башына не чыгарып салышкан
28.03.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кийимдерин чечип кетпесе эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: