super.kg logo

Оштогу эс алуу паркындагы абалы начар ажаткана оңдолуп жатат

 

Ош шаарындагы "Мээрим" эс алуу паркындагы ажаткана бузулуп, жаңыдан салынууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 29-мартта Ош шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын Жер тилкелерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Суюнбек Мамазаиров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда эски ажаткана бузулуп, жаңы имараттын куруу иштери башталды.

"Учурда эс алуу жайындагы ажаткананын дубалдары бузулду. Кайрадан жаңыланып салынат. Азыр аба ырайына байланыштуу куруу иштери кармалууда. Жаан-чачын токтосо эле дубалы тургузулуп, оңдоо иштери бүтөт жана шаар тургундары менен конокторуна талапка жооп берген ажаткана кызмат кыла баштайт", - дейт жетекчи.

Айта кетсек, буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу окурман Ош шаарындагы "Мээрим" эс алуу паркындагы ажаткананын абалы начар экенин билдирген. Ал эми аталган көйгөйдү чечүүгө тийиштүү жетекчилер 10 күндүн ичинде, тактап айтканда, 2-апрелге чейин чечилерин убадалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.03.2018. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турттуруп салып заманбап эле ажаткана куруп койсо болбойт беле
29.03.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кошулам
29.03.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Платный клып койбосо кайра эле ошол акыбал.эки адам иш менен камсыз болот.жууп тазалап,бумага сатып алып дегендей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: