super.kg logo

Орусия жооп катары АКШнын Санкт-Петербургдагы консулдугун жабуусу мүмкүн

 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШга жооп иретинде Санкт-Петербургдагы алардын консулдугун жабууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы чечимди президент Владимир Путин кабыл алат. Орусия элчилиги интернет желесинде жарандар арасында АКШнын кайсы консулдугун жабуу керектиги жөнүндө сурамжылоо өткөргөн, ага 57 миңден ашык адам катышкан. Катышкандардын 47 пайызы Санкт-Петербургдагы консулдукту жабуу керектигин айтышкан. Ошол эле мезгилде АКШ элчилигинин өкүлү Орусиянын бардык чечимдерине карата жооп кыла тургандыгын билдиришкен.

Эске салсак, АКШ тарабынан Орусиянын элчилигинде иштеген 48 кызматкерге, ал эми Нью-Йоркто жайгашкан Бириккен улуттар уюмундагы Орус өкүлчүлүгүндө иштеген 12 өкүлгө өлкөдөн бир жуманын ичинде чыгып кетүү талабы коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.03.2018. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылат орустар жооп кайтарбайтатго деген элем
29.03.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Канчага чейин тирешет болду экен 2050жылдары биз да тирешип калабыз буюрса не болуп жатасын ёоо депчи
29.03.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООНдун чыгарганы эл аралык конфенцияларга туура келбейт
29.03.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
О байкуш Америка Эми кантээр экенсинер, держитесь))))) эх арман.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: