super.kg logo

Кара-Кулжада калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен кар жаады

 

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен кар жаады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, 28-март күнү кечинде жааган кар Көк-Арт айылында 40 сантиметрге жетсе, Кызыл-Жар жана Ой-Тал айылдарында 10 сантиметрге жеткен.

Ал эми буга чейин Алайкууда электр жарыгы өчүп, уюлдук байланыштар иштебей жатканы боюнча интернетке маалымат тараган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай маалыматты четке какты.

"Жарык, суу жана уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган жок. Биз тынымсыз байланыш түзүп, кабар алып жатабыз. Андан сырткары унаа жолдор дагы ачык", - дешти ӨКМдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.03.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жарык, суу жана уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган жок"... Суудан го маселе жаралбайт, бирок жарык-свет жок экен, ӨКМ ушул жеринен адашып алган окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: