super.kg logo

Бишкекте жаңы төрөгөн баласын дааратканага ыргытып салган эне 2 жылга эркинен ажыратылды

 

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы төрөгөн баласын дааратканага ыргытып салган эне 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ажара Мамбетсеитова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына соттун чечими келген. Мындан сырткары кыздын эжеси менен апасы табылган.

"Дааратканадан табылган наристени чоң энеси өзү багып ала турганын айтты. Биз жакында эле тийиштүү документтерди чогултуу үчүн тизме бердик. Эгер тийиштүү иш кагаздарды толуктап келсе, баланы 6 ай убакытка сыноо мөөнөтү менен берип көрөбүз, андан кийин кызды сот аркылуу асырап алышса болот", - дейт Ажара Мамбетсеитова.

Айыпталуучунун биринчи турмушунан калган 3 жаштагы кызын азыр апасы тарбиялап жатат. Дааратканада табылган наристе балдар үйүндө. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө апасы менен атасынын аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес.

"Эгер асырап алуу үчүн жакындары тийиштүү документтерди топтоодон баш тартып, келбей койсо анда кызды башка адамдар багып алышат. Бизде ымыркайларды асырап алууну каалагандардын атайын тизмеси бар, болбосо ошолор менен иштешебиз", - деди Мамбетсеитова.

Эске салсак, 2017-жылдын 31-июлунда Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган.

Аталган ишке шектүү катары 1995-жылы Нарын облусунда туулган Б.Ж. аттуу келин кармалып кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.03.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш ай кандай бактысызсын? Ошол наристе сени кечиреби? Омур бою окунуп журуп отосун го
29.03.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болгону 2эле жылбы? Кудайым сактасын! Бироого зар, бироого кор дуйно...
29.03.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам олуруу 2 эле жылбы болгодо да мыкаачылык же 20жылбы
29.03.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RusMos76,наристе тируу го, аны апасы багып алат деп турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: