Парламентте дарыгерлерди 5 күндүк иш графигине өткөрүү сунушталды
Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев дарыгерлерди 5 күндүк иш графигине өткөрүүнү сунуштады.
“Дарыгерлерди 5 күндүк иш графигине өткөрүү боюнча жумуштарды жүргүзүү зарыл. Эмгек кодекси боюнча, дарыгерлер жумасына 40 саат иштеши керек. Эгер алар 5 күн иштеп, эки күн дем алса бул туура болот. Бирок өзгөчө кырдаалдарда операцияларды өткөрүү боюнча маселе жаралышы мүмкүн. Бул маселени карап чыгуу керек”, - деди Бекешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
-2

7 күн иштегидей дарыгерлер робот беле ?
5000 сом оклад менен 7 күн иштеш керек деген өзү ким болуп иштейт ?
Левый ,кол майлоо деген керек эмес. Оклад көтөрүш керек. Ошондо иш болот.
врач 7 кун катар иштейт дегени эмес
кезектешип иштешсе болотда.
Эл билбейт дарыгер канча айлык алат экенин.
Оклад 5000 сом болуп турса, медицинадагы соодалашуу дагы да өнүгөт. Бул жашыруун деле маалымат эмес.
Жаш дарыгерлерге колдоо көрсөтүш керек.
Эл багат деген түшүнүктү жоготуш керек.
Айлыктын азынан эң жакшы деген врачтар кетип калышты.
кылаарга ишинер жокпу депутаттар.Кайдагы бир теманы ачып алып
Биздин медицинада базардагы соодалашуу жок болбосо, дагы да баткакка батабыз.
Жайында мен дагы башка мамлекетке иштегени кетем. Бирок ордума бир жаш бала келет. Ал дагы иштеп опыт алгандан кийин кетип калат
Кыргызстанда медицинанын келечеги жок .