super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: Кыргыз курамасынын эң мыкты оюнчуларынын бири Мирлан Мурзаев 28 жашка чыкты

 
Кыргыз футболчусу "Дордой" клубунун жана Кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 1990-жылы 29-мартта төрөлгөн. 2007-2010-жылдары "Дордой-Динамо" клубунда ойногон. 2010-жылы кышында москвалык "Локомотив" клубуна кирип, 11 оюн өткөргөн. 2011-жылы Израилдеги "Хапоэль" клубунда ойноп, 2012-жылы өзүнүн мекенине "Дордойго" кайткан.
2014-жылдын январь айынан тарта түркиялык "Денизлиспор" клубунда ойногон. Сезондун экинчи бөлүгүндө чабуулчу Түркиянын "Afjet Afyonspor" 4-лигасындагы командада өткөргөн. Түркиялык клуб үчүн Мирлан Мурзаев 11 расмий оюн өткөрүп, 5 гол киргизген.
2016-жылдын январь айында ал Бахрейндеги Манама шаарынын "Аль-Ахли" клубу менен сезондун акырына чейин келишим түзгөн.
2017-жылы Мирлан Мурзаев түркиялык клуб менен чемпиондукту багынткан. Ал бул сезондо Түркиянын 4-дивизионундагы "Ушакспор" командасында ойноп, алтын медалдарга жетишкен. 2017-жылы 24-апрель күнү Мурзаевдин командасы "Бусак Огузан" командасын 3:1 эсебинде жеңип, өз дивизионунда чемпион аталышкан. Мирлан Мурзаев "Ушакспордун" курамында 22 оюнга катышып, 6 жолу айырмалана алган.
Мирлан Мурзаев 2007-2008-2009-2012-2014-жылдардын Кыргыз Республикасынын чемпиону, 2008-2012-2014-жылдарынын Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси. 2007-жылы Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна ээ болгон.

2018-жылдын 27-мартында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагындагы Кыргыз-Индия беттешинде Кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталды.

Мурзаев талаага башкы курамда чыгып, оюндун аягына чейин ойногон. Ал эми оюндун 72-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына Кыргызга жеңиш алып келген экинчи голду киргизди. Бул гол чабуулчунун улуттук курамдын расмий беттештериндеги алтынчысы болуп саналды.

29-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
29.03.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да туштуктон бирок копчулугу кара балтадан деп талаша беришет Азамат Байматов фаркат мусабеков Бахтияр дуйшобаев дагы юг жактан таластын сборный кыргызстанда ойногон футболчусу жок бирок создорду жазганымдын себеби канат бегалиевдин создоруно жооп деп билемин
29.03.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунун менен мирлан Ден соолукта бол Азия кубогунда сенден чон умут кылабыз Алга кыргызым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: