super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Кыргыз темир жолдун" жетекчисин убактылуу кызматтан четтетип турууну сунуштайм"

 

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жол" ишканасы тууралуу сөз кылды.

"Мурунку жыйында "Кыргыз темир жол" ишканасындагы шалаакылыкты, коррупцияга шектүү иштердин бүт бардыгын кагаз түрүндө, факты менен айтып бергем. Кыргызда жакшы макал бар "Кыз боозуп энесин коркутат" деген. Ишкана менин сөзүмдү төгүнгө чыгарып, бир дагы фактысы жок маалыматтар менен актанып жатышат. Мен вагондор убагында келбегенин, коррупцияга шектүү келишим түзүлгөнүн айтып чыккам. Мындан улам Кыргыз транспорт прокуратурасы 5-мартта вагондорду алып келе турган казак фирмасына айып салды.

Аталган ишканага таандык жерге "Кыргыз темир жолунун" жетекчиси Алмазбек Ногойбаев кызына мейманкана куруп берди деп айткам. Ал бул боюнча макул болууда. "Кызым башка кандай жумуш кылсын?" деп жатат. Ногойбаевдин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан да жогору турабы? Өкмөт убагында караш керек. Мен бул маалыматтардын бардыгын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп бердим. Парламенттин тиешелүү комитетинде бул маселени карайбыз. Иликтөө иши аягына чыкканга чейин Ногойбаевди убактылуу кызматынан четтетип турууну өкмөткө сунуштайм", - дейт Жанар Акаев.

Эске салсак, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасында коррупцияга шек жараткан маалыматтарды белгилеп, ишкананы жетекчилер өз менчигиндей колдонуп жаткандыгын билдирген.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов аталган айыптоолор негизсиз экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: