Ошто үйлөрдүн короосун суу каптады












Ош шаарында 28-мартта жааган жамгырдан улам жеке турак үйлөрдүн короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Баймуратов билдирди.
Анын айтымында, үйлөрдү каптаган суу катуу жааган жамгырдын суусу.
"Чакыруу саат 16:05тер чамасында келип түшкөн. Ош шаары боюнча тургундар тарабынан 14 чакыруу түштү. Жалпысынан 6 жеке турак үйдүн, 1 социалдык жана 1 соода борбордун короолорун, ошондой эле 4 көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн суу каптаган. Суу толугу менен суу соргуч менен тазаланып, абал учурда туруктуу", - дейт жетекчи.
Айта кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-марттан 30-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталарын билдирген. "27-28-мартка болжолдонгон нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Арыктарды тазалоонуу сунуштайбыз" - деп кошумчалаган ӨКМ.



Шаарды онуктуруп жер уйду жок кылып коп кабаттуу уйлорду салыш керек...
1. Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
2. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
3. Улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! 3 күндөн БАНга! Порталдын эрежелерин сактагыла!