Былтыр Кыргыздар 1394 чет өлкөлүк келиндүү болсо, 1141 кыз башка өлкөгө турмушка чыгышкан
Былтыркы жылы 1394 кыргыз жигиттери чет элдик кыздарга баш кошкон болсо, 1141 Кыргыз кыз башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыгышкан. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы Мелис Эржигитов SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз кыз-жигиттери 54 мамлекеттин жарандары менен никеге турушкан.
"Учурда жаштардын чет жактан билим алып, ошол жакта иштеши менен ал жактын жарандарына баш кошуусу көп. Көпчүлүк Кыргыз жигиттеринин жубайлары менен мекенинен никеге туруп, той өткөрүп кайра чет жакка кетүүсү көп катталып жатат. Чет элдик кыз-келиндерди тандагандардын арасында коңшу мамлекеттердин эле эмес, Европа өлкөлөрүнүн кыздарына да үйлөнгөндөр көп", - деп билдирет Эржигитов.
Ал эми башка өлкөдө никеге турган жарандар тууралуу так маалыматтар жок. Кыргыз жигиттеринин чет элдик жарандарга баш кошкондорунун жаш курагы 25-30 жашты түзөт. Бирок алардын ичинен канчасы ажырашуу арызын жазганы боюнча маалымат жок деп кошумчалайт басма сөз кызматкери.
кошулду


Мусулман сусулман дебей кыргыз деген созду кобуроок колдонолучу. Бир деме болсо эле динди аралаштырбай. Динчил болбой.
И так саны аз эркектердин...кара далы бололубу
..же токолбу.
Эн жакшы вариант мусулман турк,тажик,кытайлар калат не кылалы