Канадалык өспүрүм биринчи жолу лотерея ойноп 1 миллион долларга жакын акча утуп алды
Канаданын Квебек провинциясынын 18 жаштагы Чарли Лагард аттуу жашоочусу алгачкы жолу лотерея ойноп, 800 миң доллар утуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Лагард 14-март күнү өзүнүн туулган күнүн тосуу үчүн бир бөтөлкө шампан жана лотерея билетин сатып алган.
"Өмүрүндө биринчи жолу лотерея сатып алган өспүрүм 800 миң доллар же өмүр бою аптасына миң доллар алуу тандоосуна ээ болгон. Жаш кыз адистер менен кеңешип, өмүр бою аптасына миң доллар алып турууну тандады. Себеби ага салык салынбайт", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, Чарли Лагард апта сайын алган акчага дүйнөнү кыдырып, жогорку билим алууга жумшайм деп билдирген. "Мен фотограф болгум келет. "National Geographic" журналында иштөөнү кыялданам" деп айткан жеңүүчү.


Жылына 48 миң$
Ошондо 10жылда 480 миң $
20 жылда 960 миң $ алса
Кыз утуптур өмүр боюу 1000 $ дан аптасына алып.
эгер ал акчаны алып иштете алам десе азыр алса болот
же иштетпей ле өмүр бою кем-карчысыз жашайм десе анда өз эрки.
мен сразу эле алмакмын :)
иштеткенге идея толтура