"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Алмазбек Атамбаев “Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 16-майда кабыл алган. Ал КРнын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана бул чөйрөдөгү көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарын чектөөгө багытталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

