super.kg logo

Кубат Оторбаев: "Балдарын кароосуз калтырган ата-энелердин жоопкерчилигин караш керек"

 

Балдарын кароосуз калтырган ата-энелердин жоопкерчилигин караш керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта акыйкатчы Кубат Оторбаев Акыйкатчы институтунун кароосуз калган жана мыйзам бузган балдардын укуктары боюнча жарыялаган баяндамасында билдирди.

Оторбаевдин айтымында, айыл жерлериндеги мигранттардын жана кароосуз калган балдардын абалын билүүгө мүмкүнчүлүк жок болууда.

"Биринчиден, ата-энелердин жоопкерчилигин карап, экинчиден, аймактардагы балдардын укуктарынын бузулуп жатканына көңүл бурушубуз керек. Айыл жериндеги андай балдардын абалын билүү үчүн жергиликтүү бийликтеги тийиштүү кызматкерлердин укугун кеңейтип, шарттар менен камсыздоо зарыл. Анткени адистердин жетишсиздиги аз келгенсип, шарттар жок. Мисалы, адистердин биринчи айылдан экинчи айылга баруусуна акчалары жок", - деди Оторбаев.

Мындан тышкары жергиликтүү бийликтин алдында балдардын укуктары менен иштөөчү атайын түзүм түзүү керектигин кошумчалады.

"Айыл жеринде оор шартта жашап жаткан балдарды аныктоонун өзү да жакшы жолго коюлган эмес. Биз аны балдар менен иштөөчү атайын түзүлгөн комиссияга өткөрүп бергенибиз менен комиссиянын өзү туруксуз болуп жатат. Анткени ага ар кайсы органдын өкүлдөрү киргендиктен бир айда бир же үч айда бир жолугушуп турушат. Ошондуктан комиссияны жоюп, анын ордуна жергиликтүү бийликтин алдында атайын ушул багытты тейлеп турчу түзүм ачышыбыз керек. Ал туруктуу иштеп, балдарды карап жаткандарга тарбия берүү же түшүндүрүү иштери менен алектенишет", - деп толуктады акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.03.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура маселени которуптур
29.03.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asil-08,туура маселени туура маалда которуш керек.
29.03.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уффф...ушундай ХХХХХХ дан тажадым.Эл жыргаганынан балдарын таштап талаалап журобу?Маселенин туура жагын которгонду уйрончу.Калкты жумуш менен камсыз кылуу маселесин которуп,ошону чечсенер,эл оздору эле оз жеринде,уй-булосунун жанында тиричилик кылышмак.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-29 16:39:17
30.03.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди жумушсуз калтырып, туш тарапка тентиткен жепжутарларды жоопкерчиликке тартыш керек.
Элдин төлөгөн налогунан айлык алып жатышат. Эл шайлаган, элге кызмат кылыш керек оюнда да жокторду Кытайдын карызына өткөрүп бериш керек . Антпесек баткакка толугу менен батат окшойбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: