super.kg logo

Эксперт: "Мектеп-интернатынан качкан балдарды эч ким издебей жатат"

 

"Мектеп-интернатынан качкан балдарды эч ким издебей жатат". Бул тууралуу эксперт Умида Абылгазиева Акыйкатчы институтунун кароосуз калган жана мыйзам бузган балдардын укуктары боюнча жарыялаган баяндамасын талкуулоо учурунда айтты. Анын белгилешинче, интернаттагы шартка чыдабай качып чыгып кеткен балдарды издөөгө эч ким кызыкдар эмес.

"Керек болсо ошол мектеп-интернатынын жетекчилиги да издебейт. Тилекке каршы, мындай учурлар көп кездешүүдө. Акыйкатчы институту гана ошол аймактагы райондун жана облустун жетекчилигине арыз берип, чара көрүү талабын коюп келет", - деди Абылгазиева.

Жыйынга катышып жаткан ЮНИСЕФтин өкүлү Елена Зайченко баланы мектеп-интернатына эмес, өз ата-энесинин колунда калуусу үчүн эң алгач үй-бүлөгө жардам керектигин айтты.

"Балдардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча бир канча документтерге кол коюлуп келет. Ошондой эле кароосуз калган балдарды кабыл алуу жайларынын санын көбөйтүү керектиги айтылат. Бирок баланы мектеп-интернатына эмес, өз ата-энесинде калуусу үчүн эң алгач ата-эненин өзүнө жардам берүү шарт. Анткени айрымдары баласын багууга мүмкүнчүлүгү жоктугунан башка бирөөгө же кабыл алуу жайларына таштап кетүүгө аргасыз болуп жатышат да. Мен 8 небересин бирдей карап жаткан тургундарды көрдүм. Мындай болбошу керек", - деди уюмдун өкүлү.

Акыйкатчы институтунун 2017-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, өлкө аймагында 11 миң 422 бала мектеп-интернатында тарбияланып келет. Алардын 5 пайызы томолой жетим болсо, айрымдарынын ата-энеси, айрымдарынын атасы же энеси бар болуп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.03.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр бироонун кайгысына, бироо кайгырбай деле калды го.
29.03.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобунчо ажырашкандардын балдары, чет мамлекетке кеткен ата энелердин балдары, окушат.Мээримге зар балдар. Балдар биздин келечегибиз. Интернатта деле жакшы шарт жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: