super.kg logo
  Саясат  

"Жаңы мыйзам кабыл алынса, жөлөк пул алган балдардын саны дагы эки эсеге өсөт" дейт Таалайгүл Исакунова

 

"Сунушталган жаңы мыйзам кабыл алынса, жөлөк пул алган балдардын саны эки эсеге өсөт", - дейт бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова.

Министрдин айтымында, ушул тапта өлкө аймагы боюнча 298 миӊ бала жөлөк пул алууда.

"Эгер бул мыйзам кабыл алынса, жөлөк пул алган балдардын саны дагы эки эсеге көбөйөт. Ал үчүн бюджеттен 1 миллиард 800 миӊ сом талап кылынат. Андан тышкары, балдарга жөлөк пул чектөөдө жакындарынын пенсиясы үй-бүлө кирешесинен чыгарылып салынууда. Эгерде муктаждыгы аныкталса, баланын санына карабастан жөлөк пул бериле берет", - деди Исакунова.

Таалайгүл Исакунованын айтымында, өлкөдөгү жакырчылыктын чеги 2016-жылы 27 пайызды түзсө, 2017-жылдын жыйынтыгында ал 25 пайызга чейин кыскарган. Ал жалпы калктын 0,8 пайызын түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: