super.kg logo

Каныбек Иманалиев: "Мектепте окубай калгандар бар, өлкөдө бул тармак 19-кылымга кайтып барды"

 

Мектептердин сапатына премьер-министр жооп бериши керек. Мындай пикирин бүгүн, 29-мартта "Мектеп курулушунун динамикасы жана авариялык мектептердин абалы" аттуу маалымат жыйында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев айтты.

Анын пикиринде, мектепке болгон мамиле бул мамлекетке болгон мамилени көрсөтөт.

"Бүгүнкү "Мектеп курулушунун динамикасы жана авариялык мектептердин абалы" деген иш-чара Кыргыз өлкөсүндөгү бардык башаламандыкты көрсөтүп турат. Анткени билим жаатына келгенде Пакистандан төмөн түшүп калдык, алардын 30 пайызынын билими жок. Ал эми каржылоо боюнча Финляндия менен тең турабыз. Учурда республиканын райондорунда 40 түтүнгө мектеп салып жатат, башка өлкөлөрдө 300дөн кем эмес болсо салышат. Биз мектепке эмес билимге басым жасашыбыз керек. Кыргыз өлкөсүнө жаңы мектептин куруунун кереги жок. 200 мектеп салынып баштаганы жакшыбы же 20 мектеп бүткөн жакшыбы?" - деди депутат.

Ошондой эле ал мектептерди стандарттык түрдө карап, 3 бөлүк менен - шаардык, райондук жана авариялык деп куруу керектигин, аларга бирдей каражат каралып, кайсы бир курулушта ашыкча акча иштелсе, анда коррупцияга барды деп иш козгоо керектигин айтты.

"Мектептердин курулушуна жана сапатына Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция же Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмес, премьер-министр жооп бериши керек", - дейт Иманалиев.

Мындан сырткары, ал Ысык-Көл облусунда мектепке барбай жаткан 3-4 адамдын үй-бүлөсүн айтып, муну менен ал Кыргыз өлкөсүндө бул тармак 19-кылымга кайтып барып калганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.03.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар биздин келечегибиз
29.03.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ар кайсы кычыктарга мечиттерди сала бербей, болница, мектептерди салыш керек. Билим гана туура жолго салат адамды. Азыркы балдардын келечеги, бугунку алган билиминен коз каранды. Ошол афган пакистан элдери динчил болушкандыктан элдери билим менен иши жок жана карангы жашашат. Баары кудайчыл болуп бутушкон, кудай берет деп асманды тиктеп отурушат. Мунун баары билимсиздиктен. Ашынган динчил боло берсек билимдуу боло албайбыз жана илгерки жапайчылык заманга келебиз
Mirlan27011987 түзөттү 2018-03-29 22:18:32
29.03.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мектепти аяктап,ВУЗду да аяктап диплом менен иш таппай жатышат чекеден.Анан кантип окугусу келишет...Куру убакыт кетирип не кылабыз дешет тем более мигранттардын балдары.Келечекте кайра мигрант болуу кутуп турса бул кетиште. ..Билимге эмес акча же таанышка карап ишке алышса.
30.03.2018. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда мектеп медицина бекер дейт бирок иш жузундо башкача. Мектепке киргизиш учун эле 10мин сомдой кетет, анан мектепке жардам, фонд, баланчанын куну, тугунчонун туулган куну, ремонтко деп башталат. Мамлекет каржвлай албаса элди кыйнабай бийликти иштейтурган адамга откоруп беришсе мекен учун пайдалуу иш кылган болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: