super.kg logo
  Саясат  

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекетке 78 миллион сом берди

 

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн жаңы үй салынды. Бул тууралуу Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, мыйзамда экс-президенттерди турак жай менен камсыз кылуу каралган. Ошонун негизинде Алмазбек Атамбаевди жайгаштырууга резиденцияда имарат жок болгондуктан жаңы үй салуу чечими кабыл алынганын мекемеден билдиришти.

"Атамбаевге курулган №17-мамлекеттик дачаны курууга 89,3 миллион сом жумшалса, анын 77,8 миллион сому Атамбаевдин өзүнүн чөнтөгүнөн бөлүнүп берилди. Учурда ал жерде экс-президент үй-бүлөсү менен жашап жатат. Экс-президент үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелинет жана менчиктештирүүгө болбойт. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр", - деп маалыматта айтылат.

Ошондой эле Атамбаевге курулган үй өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жашап жаткан "Ордо" конок үйүнөн кичирээк экени маалымдалды.

Айта кетсек, Атамбаев президенттик ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин ага мамлекет тарабынан бир топ артыкчылыктар берилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: