super.kg logo

Апрель окуясы боюнча 22 жылга соттолгон Нурлан Темирбаевдин абакта тарткан сүрөттөрү

 

29-мартта эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдардын тарткан сүрөттөрү жана колго жасаган буюмдары Бишкектеги мейманканалардын бирине көргөзмөгө коюлду. Алардын арасынан Апрель окуясы боюнча 22 жылга соттолгон Нурлан Темирбаевдин тарткан сүрөттөрүн да кезиктирүүгө болот.

Бул көргөзмөгө Темирбаевдин жалпы 18 эмгеги коюлса, анын баарын боёк менен тарткан. Айрымдарында өзүнүн абактагы абалын көрсөткүсү келсе, көпчүлүгүндө жаратылыш чагылдырылган.

Нурлан Темирбаев кандай жагдайдан улам сүрөт тартуу менен алектенип жатканын Темирлан аттуу уулу SUPER.KG'ге айтып берди.

"Атам аскердик окуу жайында окуганга чейин көркөм-сүрөт билимине ээ болгон. Бирок аскердик окуу жайды аяктап, күч түзүмүндө иштеп калгандан соң сүрөт тартуу менен алектенбей калган экен. Апрель окуясы боюнча камакка алынгандан кийин мага керектүү каражаттарды алдыртып, кайрадан сүрөт тартуу өнөрүн баштаган. Бул жерге жалпы 18 сүрөтүн алып келдик. Мунун баары үйдө илинип турган. Анткени тартып бүткөндөн кийин мен алып кетип рамкага салып илип коём. Айрым учурда тааныштарга белекке берип жүрөбүз. Өзүнүн жанында дагы бар болуш керек", - деди уулу Темирлан.

Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылган. 6 жыл УКМКнын тергөө абагында отуруп, 2 жыл мурун №27-колонияга которулган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(5)
29.03.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жакшы тартат экен..."Талантымды эле аркалап журо берсем болчу экен"-деп окунуп жатса керек.
29.03.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Художник турбайбы.
29.03.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ок провакация кылыш үчүн азыркы бийликте отургандар уюштурган болуш керек бийлике келиш үчүн
30.03.2018. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бакиев мыйзамдуу президент болгон, бийлик окулдорун, ак уйду коргоо мамлекеттик кузот кызматынын туз иши болгон. Солдат буйрукту так аткарса ал кылмышкер эмес, берилип сатып кетбеген кызматын аткарган адам чыныгы адам. Чынгыз хан биринчи кезекте сатып кеткендердин башын алган. Бвшка бийлик келсе акталатко.
30.03.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jbolotov,акталып чыкса экен,эки доо урушса ортодогу чымын олот болбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: