super.kg logo

Темир тор артында ачылган өнөр (фоторепортаж)

 

Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан абак жайларынын учурдагы абалын талкуулаган эки күндүк форум болуп өттү. Форумдун негизги максаттарынын бири жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын кол өнөрчүлүгү менен алектенүүсүнө шарт түзүү болуп саналат. Мындан улам анын алкагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын тарткан сүрөттөрү, колго жасалган түрдүү эмгектери көргөзмөгө коюлган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, көргөзмөгө коюлган эмгектердин көпчүлүгү мурда мындай иш менен алектенбеген адамдардын колунан жаралган.

"Мындай иш менен алектенүү биринчиден, өздөрүн алаксытуу болсо, экинчиден, өзүн-өзү дарылоо жолу болуп саналат. Ошондой эле бири-бирине болгон мамилеси өзгөрөт. Жөн эле отура беришсе басынып кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан бирин сүрөт тартуу, экинчисин кол эмгек менен же дагы башка иш менен алектенүүсүнө шарт түзүп жатабыз. Алардын ар бири абактан чыккандан кийин коомго терс таасири тийбегендей болуп өз ишин таап кетүүсүнө шарт түзүү үчүн атайын учулищебиз бар. Ал жерде азыркы шарттагы керектүү 20 кесип боюнча сабактар өтүлөт. Бул жерге коюлган эмгектердин көпчүлүгү деле мурун мындай иш менен алектенбеген адамдардын колунан жаралган. Алар атайын үйрөнүп, эми ушундай кол эмгектерди чыгарып жатышат", - деди Сабатаров.

Басма сөз катчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан буга чейин уюштуруган аялдардын түзөтүү абагындагы тигүү цехи Орусиянын күч түзүмдөрүнүн биринин аскердик формаларын тигип бергенин кошумчалады.

"Биздеги бир-эки мекемеде атайын кыш чыгарган цех, аялдардын түзөтүү мекемесинде кийим тигүү цехи бар. Ошондой эле дагы башка жайларда темирден жана жыгачтан терезе-эшик жана башка керектүү буюмдар жасалат. Алардын баарын бул жакка алып келе алган жокпуз. Бирок Орусиянын күч түзүмдөрүнүн бири биздеги аялдар абагында уюштурулган тигүү цехинен аскердик формаларды тиктирип кетишти. Жыйынтыгына эч кандай нааразы болушкан жок. Ошондуктан баарын чогултуп жакынкы арада өтө чоң көргөзмө уюштурууну максат кылып жатабыз. Бул аракетибиз жазасын өтөп жаткандардын өздөрүнө маяна алуусуна жана коомдо кайра өз ордун табуусуна жакшы шарт түзөт", - деп толуктады Сабатарова.

Бүгүнкү көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн арасынан Апрель окуясы боюнча 22 жылга соттолгон Нурлан Темирбаевдин да тарткан сүрөттөрүн көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(6)
30.03.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайсы зонада жасалат? Кайсы жактан сатып алсак болот?
30.03.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Окмотко пайдасы тийеби. Жакшшы экен. Мага бир суроту жакты, сатып алат элем
30.03.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сонун экен....кайдан алсак болот
30.03.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
атандын гору кайран гана таланттар темир тор артында жатканы окунучтуу.
30.03.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин бир Тааныш эжем баласы абакта айтчу Эле балам камакта сундук жасап сатып бизге акчадан жардам берет деп бирок ишенчу эмес элем чын экенда
31.03.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сандыкты канчадан сатышат болду экен, каерден алсак болот, билгендер барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: