Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болуп өттү












Кечээ, 29-мартта Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов шаардын тургундары жана меймандары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн Кыргыз Республикасынын опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздарынын, бийчилердин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.
Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.
Белгилей кетсек, курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.





1 |