super.kg logo
  Саясат  

Орусия 60 америкалык дипломатты өлкөсүнөн кетирет

 

Орусия мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызын ууландырууга айыптап жаткан мамлекеттердин дипломаттарын өлкөдөн кетирүү менен жооп кайтарат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго таянып орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, Орусиядан 60 америкалык дипломат кетирилет, алардын 58и Москвада, экөө Екатеринбургда иштейт. Аларга өлкөдөн 5-апрелге чейин чыгып кетүү талабы коюлду. Мындан тышкары эки күндүн ичинде АКШнын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу жабылат.

Эскерте кетсек, 4-мартта мурдагы орус чалгындоо кызматынын башчысы 66 жаштагы Сергей Скрипаль менен 33 жаштагы кызы ууландырылган. Буга Лондон Орусияны айыптаган.

Жыйынтыгында эл аралык чыр чыгып, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй окуяга байланыштуу 23 орусиялык дипломатка бир аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган. Ал эми 26-мартта АКШ бийлиги Орусиянын 60 дипломатын өлкөдөн кетирүүнү чечкен.

Ошондой эле Евробиримдиктин бир нече өлкөсү, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина жалпысынан 140тай орусиялык дипломатты өлкөдөн кетиргени жатат.

Кремль бардык дооматтарды четке кагууда жана ошондой эле жооп кайтара турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: