super.kg logo
  Саясат  

Пляжда, имараттардын ичинде, коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам сунушталды

 

Депутаттар жарандардын ден соолугун, айлана-чөйрөнү тамекинин зыяндуулугунан сактаган мыйзам сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

"Тилекке каршы, жыл сайын 30 жаштан ашкан эркектер арасында 22 пайыз жана аялдар арасында 5 пайыз өлүмдөр тамеки чегүү себебинен болот. Ар кандай локализациядагы рак оорусунан каза болгон 40 пайыз эркектер жана 30 жаштан ашкан адамдардын бронх-өпкө системинин рагынан көз жумгандардын 90 пайызы тамеки чегүү себебинен каза болгон", - деп айтылат мыйзамдын негиздемесинде.

Демилгечилер тамекиге каршы күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатка карабай, тамеки буюмдарын керектөө менен шартталган жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу экономикалык чыгымдар 10 миллиард сомдон ашканын айтат.

Ал эми сунушталган мыйзамга ылайык, тамеки түтүнү жок бөлүктү түзүүнү сунушталат.

"Турак жайлардан сырткары, бардык имараттардын ичинде тамеки чегүүгө толук тыюу салынат. Мындан тышкары, бардык коомдук жана иш орундарда, анын ичинде коомдук транспорт жана коомдук тамактануу жерлеринде да чылым чегүүгө чектөө коюлат. Эң маанилүүсү балдардын ачык аянтчаларында, бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын аймагында, мекеменин таандыгына жана менчиктин түрүнө карабай, балдардын эс алуу уюмдарында, эс алуу үйлөрүндө жана саламаттыкты сактоо уюмдарында, маданий-массалык, спорт иш-чараларын, чогулуштарды, акцияларды өткөргөн мезгилде ачык аянтчаларда, эл эс алган ачык жерлерде, анын ичинде пляж аймагында тамеки чегүүгө тыюу салынат", - деп түшүндүрүштү демилгечилер.

Мыйзам долбоордун жаңылыгы – тамеки буюмдардын бардык түрүн, анын ичинде насвай, кальян аркылуу тамеки чегүү, ошондой эле электрондук тамеки керектөөнү көзөмөлдөө болуп саналат.

Мыйзам депутаттар: Канат Керезбеков, Асылбек Жээнбеков, Алмаз Токторов, Наталья Никитенко жана бир катар депутаттар тарабынан сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: