Колу-буту иштебей, кыйынчылык менен сүйлөгөн Токтогулдук акын: “ Эң алгач агамды өлтүрүп кетишкенде жүрөгүм сыздап ыр жазгам”



Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Сары-Сөгөт айылынын тургуну Таалайбек Кулманбетов өзүнүн күрөшкө толо тагдыры тууралуу айтып берди. Каарманыбыз ары кызыктуу, ары таланттуу. Анын колу-буту иштебейт, чулдурап кыйналуу менен сүйлөйт жана башы калчылдап турса да тагдырына таарынып отуруп калган эмес. Ыр жазып, китеп окуп, жадакалса жаш акындарды тарбиялап келет.
“1984-жылы 28 жашында улуу агамды өлтүрүп кетишкенде жүрөгүм сыздап алгачкы жолу ыр жазгам. Ошондон бери ыр дүйнөсүндө жашап келем”, - дейт ал.
Каарманыбыздын тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№804, 30-март, 2018-жыл) окуй аласыз.
кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №804-жаңы санында...
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:33
2025-06-20
10:26
2025-06-20
16:24
2025-06-13
Рейтинг:
2


Талкуу жабык.