КСДПнын курултайына журналисттер киргизилбейт. Аларга видео таратышат
Эртең, 31-мартта КСДП партиясынын курултайы Бишкектеги "Орион" мейманканасында өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган партиядан тастыкташты.
Маалым болгондой, жыйынга журналисттер киргизилбейт, бирок аларга иш-чарада тартылган видео таратылат. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев курултай бүткөн соң жыйынтыгы менен журналисттерди тааныштырмакчы. Жыйынга 200гө чукул делегат катышары айтылууда.
Айта кетсек, аталган курултайда партиянын саясий кеңешинин төрагалык кызматына Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги карала турганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
-7

