super.kg logo

Өлкөдө 84 мал союучу жайдын төртөө гана талаптарга жооп берет

 

Өлкөдө 84 мал союучу жайдын төртөө гана талаптарга жооп берет. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Жыйында депутат Кожобек Рыспаев эт базарларында баш аламандыктар көп экенин белгилеген.

"Ветеринарлар "Ош базарына" мөөрдү чөнтөгүнө салып келет экен. Ошол жерден ким акча берсе мөөр басат экен, бербесе баш тартып коёт экен. Бул эмне деген баш аламандык?" - деп айткан Рыспаев.

Калысбек Жумаканов эт базарында мындай баш аламандыктарга чекит коюу иштери жүрүп жатканын айтты.

"Азыр "Ош базарынын" тегерегиндеги эт базарларын иретке келтирүү иштери милиция кызматкерлери менен биргеликте жүрүүдө. Чынында маселе көп. Учурда өлкө аймагында 84 мал союучу жайдын төртү гана талаптарга жооп берет. Азыр алардын баарын иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Анткени ЕАЭБдин алкагында стандарттарга алып келүү үчүн жумуштар болуп жатат", - деп жооп берди Жумаканов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уууяяяяятттт эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: