super.kg logo

Диктор Чынар Капарова КТРКнын директору Илим Карыпбековду соттон жеңип алды. Чечим боюнча телеканал аны кайрадан жумушка алууга тийиш

 

КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын мурдагы алып баруучусу, диктор Чынар Капарова аталган телекомпаниянын жетекчиси Илим Карыпбековду соттон утуп алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан SUPER.KG порталына кабарлашты.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 26-мартындагы токтому менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 6-февралындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы аныктамасы күчүндө калтырылган. Ошондой эле Капарованын кайра ээлеген кызматына орноштуруу жөнүндөгү доо арызы канааттандырылган.

"Чечим боюнча Чынар Капарова мурда ээлеген "Ала-Too" маалымат программасынын студиясынын баяндамачысы кызматына кайра коюлат. Ошондой эле КТРК тарабынан Капарованын пайдасына жалпысынан 60 миң 59 сом өндүрүлгөн. Анын ичинде аргасыз ишке чыкпаган учурдагы орточо эмгек акысы - 55 миң 59 сом, моралдык зыяндын компенсациясы - 5000 сом. Калган доо талаптар канааттандыруусуз калтырылды", - дейт басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Чынар Капарова 2016-жылы КТРКнын директору Илим Карыпбеков аны "Эфирден Сүйүнбай Эралиевди "Эл баатыры" деп туура эмес атагандыгы үчүн" деген кине менен кызматынан алгандыгын айтып чыккан жана муну акыйкатсыз чечим катары кабыл алгандыгын билдирип, Карыпбековду сотко берүүнү чечкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
30.03.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
И не иштебей калды беле?Мага жагат.Ушундай эже болгум келет(карьера жаатында)Неге көрүнбөй калды деп коём.Эми ишке чыгыңыз.
30.03.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми ишке чыкканда деле Карыпбеков муну басмырлап жаман кылат болуш керек
30.03.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Илим Карыпбековду баягы бир ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-30 12:46:42
30.03.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсыз!
30.03.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Чынара Капарова чынында жакшы алып баралбайт. Үнү кырылдап башкача.Илим дагы ошон үчүн кетирсе керек деп ойлойм.
30.03.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кандай кылса да женип чыгыптыр да бул жерде максат башкаго дейм.
30.03.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Илим иним эркек болсон иштен кет уят өлүмдөн катуу
30.03.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Илим деген келип суйкуйган жаш сууларды
Озуно жакканын гана калтырып атканда,озу корорун коргон бир олумдон калып, Чынар айымга ийгилик каалайм!!!
30.03.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде "оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун дейт" - эле.. соттор Илимдин тарабында болушмак, Чынардын ташы анын ташына караганда басымдуураак чыккан окшойт.... ишеним жок сот системине
30.03.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынара эжедей эч ким алып баралбайт,
Отто сонун жумушка чыгыныз коомдук каналдын корку сиз болосуз,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: