super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкекте дарактардын кыйылышын текшерип чыгуу үчүн Башкы прокуратурага кайрылуу керек дейт

 

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев Бишкекте үч миңден ашык бак-дарактардын кыйылышын текшерип чыгуу үчүн Башкы прокуратурага кайрылууну сунуштады. Эл өкүлү акыркы жылдары борбор калаадагы бак-дарактардын кыйылышы көп нааразычылыктарды жаратып жатканын айтты.

Бишкек шаарынын вице-мэр Бакыт Дүйшембиев өткөн жылы кыйылган бак-дарактар боюнча маалымат берди.

"Өткөн жылы кыркып алынган үч миңден ашык бактын ичинен 900ү кооптуу бак болчу. Жол иштеринде тоскоолдук жараткан эки миңге жакын бак кыйылды. Быйыл кыркыла турган бактар мынча көп санда болбойт. Ушул күнгө чейин 340 бак кырктык. Бирок ушул жылдан тарта шаарда он миң бак тигүү иштери жүрүп жатат. Бул мурдагыдан айырмаланып чоң көчөттөр болот. Анын 90 пайызы көктөйт деп үмүттөнүп жатабыз", - деди Дүйшембиев.

Депутат Нурбаев эгилген көчөттөрдүн көктөп кетишинен күмөн санап, кыйылган бактардын көлөмү өтө көп болгонун айтты. Эл өкүлү мындан шаарда атмосфералык маселе жаралышынан кооптонуусун билдирип, бак-дарактардын кыркылышы боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага кайрылууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: