Депутаттар "Жер-Үй" кенине лицензия сатуудан түшкөн акчага курулат делген мектептердин бүтпөй жатканына нааразы
Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын 30-марттагы отурумунда "Жер-Үй” кенине лицензия сатуудан түшкөн акчага курулат деген мектептердин бүтпөй жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. Фракциянын айрым мүчөлөрү бул маселе боюнча дыкат карап чыгуу үчүн фракциянын ичинде комиссия түзүүнү сунушташты.
Депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, 100 мектеп курулуш керек болсо көпчүлүгү бүтпөй калган. "Чүй облусунда бир гана мектеп бүттү. Башка облустарда деле ушундай эле көрүнүш экен. Бөлүнгөн каражат кайда кетти? Ошондуктан фракциядан комиссия түзүп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карашыбыз керек", - деп сунуштады Райымкулов.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 100 мектепти куруу үчүн жалпы 4 миллиард 700 миллион сом керек болсо, 3 миллиард 600 миллион сом гана түшкөн. Ал акчанын 1 миллиард 300 миллиону мектептерди оңдоо иштерине жумшалган.
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиев ал акча коротулуп бүткөндүктөн калган мектептердин курулушу мамлекеттик бюджеттен бүткөрүлөрүн айтты.

