super.kg logo

Бишкекте 18 кабаттуу үйлөргө ылайыкталган бир эле өрт өчүрүүчү машина бар

 

Бишкекте 18 кабатка чейинки көп кабаттуу үйлөргө ылайыкталган бир эле өрт өчүрүүчү машина бар. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Жыйынга катышкан депутаттар акыркы учурда борбор калаада 18 кабатка чейин жеткен бийик имараттар көп курулуп жатканын айтып, бул жагдайга көңүл бурулушу керектигин айтышты. Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Кыргыз-Кытай өкмөттөр аралык комиссиясы өрткө каршы күрөшүү кызматына жардам алуу боюнча жумуштарды жүргүзүп жатканын белгиледи.

"Кызматтын техникалык абалы төмөн. Акыркы жолу бул кызматка техникалар 2008-2009-жылдары аланган", - деди Шадиев. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов май айында Өрткө каршы күрөшүү кызматына 1600 даана атайын форма алына турганын билдирди.

"Мурда Өрткө каршы күрөшүү кызматы өзүнчө мекеме болчу. Бул мекеме ӨКМге кошулганден бери 4 ай өттү. Ушул жылдын май айына чейин 1600 даана атайын форма алып берилет", - деди Ахматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Прократура жана башка гос мекемелердин кызматкерлерине кызматтык унаа алып бергенден коро пожарный, скорый машина же больницага керектуу жабдыктарды алып берсе пайдалууда, а тигилер болсо накта коррупционерлер, оздоруле алып алат, аларга кызматтык унаа, туракжай куруп беруунун кереги жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: