super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз дзюдочулары Орусияда өтө турчу Европа кубогуна катышат

 

Кыргыз дзюдочулары Орусияда өтө турчу Европа кубогуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын вице-президенти Абай Молдоканов билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргыздын жаш дзюдочулары Орусияда өтө турчу Европа кубогунда өспүрүмдөр арасындагы мелдештерде күч сынашат. Турнир Тула шаарында 31-марттан 1-апрелге чейин уланат, ага өспүрүмдөр курамасынын ага машыктыруучусу Ислам Баялинов баштаган 17 спортчу катышат.

"Турнир аяктаган соң Кыргыз өлкөсүнүн командасы 4-апрелге чейин Орусияда машыгууларын жүргүзөт", - дейт Молдоканов.

Кыргыз командасынын курамы:

Эркектер арасында

50 килограммга чейинки салмак ченинде:

Чынгызхан Сагыналиев, Канболот Ырысбеков;

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мирсейит Бакытбек уулу, Абель Бакытбек уулу, Каниет Окенов;

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Данил Адлетов;

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Азиз Момунов, Абдулазис Норусбеков;

73 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нурсалим Иличбек уулу, Арсений Кладнов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде:

Рамазан Нурланбек, Шакир Шакиров;

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

Анарбек Ишенбаев;

90 килограммдан жогорку салмак ченинде:

Сыймык Жапаров;

Кыздар арасында

52 килограммга чейинки салмак ченинде:

Ажар Исаева, Римма Ким;

70 килограммдан жогорку салмак ченинде:

Шахида Нармухамедова.

Ага машыктыруучу - Ислам Баялинов.

Машыктыруучулар: Елена Исакова, Сергей Кладнов.

Калыстар: Азамат Абдрасулов, Келсинбек Кыдыралиев, Лариса Проскуракова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: