Карышкырлар калкты 30 миллион сом зыянга учуратты
Бир жыл ичинде карышкырлардын мал жандыкка кол салуусунун кесепетинен эл тарткан зыяндын көлөмү 30 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.
"30 миллион сомдук чыгым болгон. Бул абдан көп. Анткени калктын басымдуу бөлүгү айыл-кыштактарда жашайт. Учурда алдын алуу, аңчылык иштери жүрүп жатат", - деди Шадиев.
Депутат Чыныбай Турсунбеков бул расмий маалымат экенин айтып, иш жүзүндө бул сумма мындан алда канча жогору экенин белгиледи.
"Бул сиз айткан 30 миллион сом - расмий маалымат. Чынында чыгым тарткан эл көп болуп жатат. Көп адамдар чыгымга учураганын айтышпайт деле. Менимче, чыныгы эсеп факт жүзүндө 60 миллионго жетсе керек", - деди Турсунбеков.


60 миллионун ошонун 2 эсеси, б.а. 10-12 мин кой же мин жылкы...
"Ордоктор" асман каптап калды го...