super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ошто 8-9 жаштардагы бала кайыр сураган жеринде уктап калыптыр" дейт окурман

 

Ош шаарында болжолдуу 8-9 жаштагы бала көчөдө, жерге картон кагаз төшөп алып уктап жатат. Мындай кабарды окурман "Элдик кабарга" билдирип, сүрөтү менен бөлүштү.

Окурмандын айтымында, бул 2-3 күн мурун тартылып алынган сүрөт.

"Мен Сулайман-Тоонун жанындагы көчөлөрдүн биринен өтүп бара жатып баланын картон үстүндө уктап жатканын байкап калдым. Ал кайыр сурап отурганын алдындагы акча салынган кутудан билсе болот. Ошол күнү жамгыр жаап, аба ырайы суук болчу. Баланын жука кийингени жана көчөдө уктап жатканы мени ойго салып жүрдү. Тиешелүү мекемелер, балким, бул баланын жашоосун изилдеп көрөт деген ойдо сүрөтү менен бөлүшүүнү туура көрдүм", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
30.03.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо менин жанылыгымы чыгарбайсынарбы
30.03.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ramis.Ramis.kg,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат жиберилди.
30.03.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз кайда баражатабыз айланайын кыргыз елим
30.03.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
байкушум балалык чагын эмне мн коштолуп атат журогум ооруп кетти
30.03.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суротко тартпай жардам берип койсон болмок тууган.
30.03.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Han1111,буга коомчулуктун конулун буруу учун суротко тартып туура кылган. Анткени. бул корунуш бир адамдын жардамы менен чечилбейт. Ага коомчулук жапырт каршы курошуу керек. Бул чоон проблема.
Tunerbei1812 түзөттү 2018-03-30 18:18:14
30.03.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер-инфого чыгарып жакшы кылыпсын молодец.Кайдыгер карабагандар чыгаар.Бала баарыбызда бар,Аллах сактасын мындай тагдырдан.
30.03.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суротко тартып алып анан кете бердин да ээ. Милиция чакырып берип койбойт белен же тургузуп курсагын тойгозуп, абалын сурадынбы...
31.03.2018. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мумкун жардам бергендир, кайдан билесинер?
Ушул тартып суперге чыгарганыда, кудай насип кылып чон жардам болуп калаар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: