super.kg logo

"Республика-Ата Журт" капиталдык курулуштар боюнча өкмөткө бир топ талаптарды койду (тизме)

 

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүнкү жыйынында 2015-2017-жылдары бюджеттен каржыланган капиталдык курулуштар жана капиталдык салымдардын пайдаланылышын көзөмөлдөө жана текшерүү жүргүзүү үчүн комиссия түздү. Ошондой эле тиешелүү токтом долбоорун кабыл алышты.

Токтомдун долбоорунда төмөнкүдөй талаптар камтылган:

2015-2017-жылдары курулуштарды ишке ашырууда жана капиталдык салымдарга бөлүнгөн акчаны колдонуу боюнча тийиштүү министрликтердин маалыматтары эске алынсын;

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында капиталдык курулуштарга бөлүнгөн каражаттарды түзүүдө, бекитүүдө мыйзам бузуулар бар экендиги аныкталса, каржы министри Адылбек Касымалиев менен архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиевдин жоопкерчилигин кароо өкмөт башчыга сунушталсын;

Өкмөт капиталдык салымдар беренесине жана мамлекеттик курулуш тизмесине сметасы жок объектилерди киргизүүгө мораторий киргизүү чечимин кабыл алсын;

Каржы министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги бир айдын аралыгында 2018-жылдын курулуш тизмесине сметалык долбоорсуз кирип калган объектилерди тизмеден чыгаруу иштерин жүргүзсүн;

Өкмөт бир айдын аралыгында иш аткарган уюмдар менен келишимдерди, кредиттик жана дебитордук карыздарды төлөө боюнча тиешелүү чараларды көрсүн жана маалыматтарды укук коргоо органдарына берсин;

Бир айдын аралыгында капиталдык курулуш объектилердин тизмесин иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча механизмдерди иштеп чыксын;

Бир айдын аралыгында курулушу бүтпөгөн объектилердин башталган жылын көрсөтүү менен Жогорку Кеңештин кароосуна жиберсин;

Көрүлгөн иш аракеттер боюнча маалымат бир айдын аралыгында "Республика-Ата Журт" фракциясына берилсин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: