super.kg logo

Бишкекте 8-класстын окуучусу классташын травматикалык тапанча менен атып салды

 

Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши тарапта мектеп окуучусу классташын травматикалык тапанча менен атып салды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

"Бул окуя Бишкектеги мектептердин биринде бүгүн окуу учурунда болгон. Анда 8-класстагы окуучу бала саат 10:30 чамасында травматикалык тапанча менен ойноп жатып, этиятсыздыктан өзүнүн классташын атып салган.

Учурда окуучунун мектепке тапанчаны кандай максатта көтөрүп келгени боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми травматикалык тапанча окуучунун байкесине таандык болгон. Учурда байкесинин тапанчага бардык уруксат кагаздары бар экени аныкталды. Милиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө", - деди Оморов.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова учурда жабыркаган 14 жаштагы мектеп окуучусу ооруканада дарыланып жатканын билдирди.

"Жабыркаган баланын абалы туруктуу. Ооруканада жатат. Травматикалык ок баланын көкүрөгүнө тийген. Биринчи хирургиялык дарылоо жасалды. Азыр абалы туруктуу", - деди Айгерчинова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
30.03.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакында эле россияда ушундай окуя болду го эсимде. Эми бизде болуптурда
30.03.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиядагыны биздикилер кокусунан атып алды деп жазган. Биздегини атып салды деп маалымат берип жатышат тообооо
30.03.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коргондой суйлойтко ойноп жатып этиятсыздыктан атып салды деп кайдан билди ойноп жаткпнын может атайын аткандыр
30.03.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып салбай эле атып алган турбайбы
30.03.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
modem4999,мектепке атканы которуп келди да, ыза болуп калгандыр
31.03.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Травматикалык пистолет оюнчук эмес да ойногону
31.03.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкеси шалаакыда эмне берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: