super.kg logo

Жаш өспүрүмдөр жол коопсуздугу маанилүү экенин жерге сүрөт тартып билдиришти

 
300 метр аралыктан айдоочуларга жарык берген быйтыкча
Саадат Садырованын сүрөтү эң мыкты тартылган сүрөт деп аныкталды

Бүгүн, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы уюштурган "Жарык бол" аталышындагы жаш өспүрүмдөрдү жол кырсыктарынан сактоо максатында уюштурулган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада борбордогу мектеп окуучуларына жол эрежелерин үйрөтүү жана алар үчүн 300 метр аралыктан айдоочуларга жаш өспүрүмдөрдү жолдон өтүп бара жатканын караңгы учурларда жарык кылып көрсөткөн быйтыкчалар таратылды. Аны окуучулар сырткы кийимине жабыштырып алуулары керек. Себеби унаанын жарыгына быйтыкчанын жарыгы чагылышып белги берип турат.

"Бул иш-чара жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жасалган. Бул биринчиден, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча аларга түшүндүрүү болсо, экинчиден, жол эрежесин сактоо маанилүү экенин түшүндүрүү болуп саналат. Иш-чаранын эң негизгиси айдоочулар үчүн караңгы жолдо балдардын жолдо жүргөнүн же өтүп баратканын жарык кылып көрсөткөн быйтыкчалар таратылат", - деп билдирет аталган башкармалыктын маалымат катчысы Тилек Оторов.

Бул иш-чарага келген жаш өспүрүмдөр жол эрежесин сактоо боюнча жерге ар түрдүү бор менен сүрөт тартышты. Алардын ичинен эң мыкты сүрөт Саадат Садырова аттуу жаш өспүрүм кыздын сүрөтү атайын түзүлгөн комиссия тарабынан тандап алынды.

"Мен төрт бир тууганмын. Биз дайыма мектепке баруу үчүн жөө адамдар басуучу жолдон өтөбүз. Биз үчүн коопсуздугубуз эң маанилүү. Андыктан мен сүрөтүмдүн атын "Жол эрежелерин сактайбыз" деп атап, сүрөткө жол чыракты, мектеп окуучуларын жана унаанын сүрөтүн тарттым", - деп билдирди Саадат.

Иш-чаранын жүрүшүндө эстрада ырчылары коштоп, жаш өспүрүмдөргө бекер суусундук жана балмуздак таратылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
31.03.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто жер титиреди 00:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: