"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ӨКМ: "Бишкек-Ош жолундагы тоннелдин кире беришинде жүк ташыган 2 унаанын айынан тыгын жаралган"
Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына окурман Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев атындагы тоннелдин алдында 2 сааттан бери унаалардын тыгыны жоюлбай жатканын кабарлаган. SUPER.KG порталы тыгындын себебин билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматына байланышты.
"Тыгын жүк ташыган 2 унаанын айынан жаралыптыр. Карама-каршы келе жаткан унаалар бири-бири менен кагылышып кеткен. Алар дароо айдап чыгып кетүүгө ыңгайсыз болгон абалда токтоп калышкан. Ал жердегилер топтолуп, жүк ташуучу унаалардын ээлери өз ара сүйлөшүп, жолдун четине чыгуунун амалын тапканча убакыт өтүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын кызматкерлери чакыртылган эмес.
Албетте, жүк ташуучу унааларды жылдыруу жеңил эмес, бирок унаалардын бирин жылдырышыптыр. Эми 2-жүк ташуучу унааны жол четине алып чыгышса тыгын тарай баштайт. Бул кырсыктан жабыркагандар болгон эмес", - деди мекеменин маалымат катчысы.
Бул арада окурман "Элдик кабарга" ушул таптагы абалды айтып байланышка чыкты. Анын айтымында, баш аламандык күчөп, айрым айдоочулар жолдун каршы тилкесине өтүп кетип жатышат. "Абалды көзөмөлгө алып, жүргүнчүлөргө тыгындын себебин түшүндүргөн эч ким жок", - деди ал.
Бишкек-Ош жолундагы жол тыгыны

