Бүгүн футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалы старт алат
"Алга" командасы


"Алга" командасы

"Фарватер" командасы
Бүгүн, 31-мартта Футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалы старт алат. Анда "Алай" спорт комплексинде орун ала турган беттеште "Алга" менен "Фарватер" командалары кез келет.
Айта кетсек, тайпалык баскычтын жыйынтыгында жарым финалга 40 упай топтоп 1-орунду ээлеген бишкектик "Алга", 40 упай топтоп 2-орунду ээлеген Оштун "EREM", 30 упай менен 3-орунду ээлеген Ысык-Көлдүн "Мурас" жана 28 упай менен 4-орунду "Фарватер" командалары өтүшкөн.
Суперлига, жарым финал:
31-март:
"Алга" - "Фарватер"
"Алай" спорт комплекси, башталышы саат 15:00
1-апрель:
"EREM" - "Мурас".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.