super.kg logo
  Спорт  

Волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунда "EREM" командасы сезондогу алгачкы жеңилүү ызасын тартты

 

Кечээ, 30-мартта волейбол боюнча эркектер арасындагы Өлкө чемпиондугунда "EREM" командасы сезондогу алгачкы жеңилүү ызасын тартты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан мелдеште "EREM" командасы "Ош Бажы" командасы менен кездешип, 1:3 эсебинде жеңилди. Бул жыйынтык турнирдик жадыбалда "Салам-Алик" командасына упайлар аралыгын 5ке азайтууга мүмкүнчүлүк берди.

Айта кетсек, волейболчулар Улуттук Лига, "А" жана "В" Жогорку Лигаларында күч сынашууда. Бүгүн, 31-мартта Улуттук Лигада жана "А" Жогорку Лигасынын беттештери орун алат.

30-мартта өткөн беттештердин жыйынтыгы:

"А" Жогорку Лигасы:

"Энергетик" - "Ош-Отор" - 3:2 (Партиялар боюнча: 30-28; 22-25; 25-19; 22-25; 16-14);

"Бүркүт" - "Билим" - 3:2 (Партиялар боюнча: 25-18; 25-20; 21-25; 21-25; 15-7);

Улуттук Лига:

"Жаңы-Муун" - "Дархан" - 3:1 (18-25; 25-15; 25-22; 25-18);

"EREM" - "Ош Бажы" - 1:3 (16-25; 24-26; 25-17; 29-31);

"Улар" - "Салам-Алик" - 2:3 (25-23; 25-22; 22-25; 23-25; 9-15);

31-мартта орун ала турган беттештер:

"А" Жогорку Лигасы:

9:00 "Ош-Отор" - "Бүркүт"

10:30 "ДЕМ" - "Энергетик"

Улуттук Лига:

12:00 "Жаңы-Муун" - "Улар";

13:30 "Ош Бажы" - "Салам-Алик";

15:00 "EREM" - "Дархан".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: