super.kg logo

Чүйдө мас абалында таанышын сабап өлтүрүп коюшкан деп шектелип 2 адам кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районунда спирт ичимдиктерин ичип отуруп 29 жаштагы адамды сабап өлтүрүп коюшкан деген шек менен 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-февралда милицияга 29 жаштагы адам башынан алган жаракатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кийин иликтөө иштеринин натыйжасында ошол күнү ал теңтуштары менен спирттик ичимдиктерди ичип отуруп, жаңжалдаша кетип башынан оор жаракат алып, ошондон улам каза болгону белгилүү болгон. Бул факты боюнча 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Натыйжада анын өлүмүнө шектелип, ошол күнү чогуу спирт ичимдиктерин ичкен 2 адам, 28 жаштагы А.З. жана 29 жаштагы К.К. аттуу жарандар кармалган. Алар кылмышты моюнуна алышып, көрсөтмө беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин пикирим көпчүлүккө жакпашы мүмкүн, бирок ушур спирт ичимдигин сатылуусуна, көчөдө, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүүсүнө катуу тыюу салуу керек. Ушул арактын айынан канчалаган өлүмдөр, үйбүлөнүн бузулуусу, балдардын жетим калышы, жол кырсыгы, зынаа иштер санай берсең өтө көп жаман иштер болуп жатат. Бирок мамлекет тарабынан бир да мунун кесепети тууралуу ойлонгон киши жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: