super.kg logo
  Спорт  

Волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңол Каныбек уулунун командасы Таиланддын Суперлигасынын алкагында жарым финалга өттү

 

Волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңол Каныбек уулунун командасы Таиланддын Суперлигасынын алкагында жарым финалга өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, волейбол боюнча Таиланд чемпиондугунун 2017-2018-жылдын жыйынтыгында 6 команда "Thai-Denmark Super League" мелдешине катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Аталган мелдештин алкагында командалар 2 тайпага бөлүнүп, тайпалык баскычтын жыйынтыгында 4 команда жарым финалга аттанды.

Оңол Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс" "В" тайпасына "Космо Чанг Рай" командасынын үстүнөн 3:0 эсебинде жеңишке жетип, андан соң "Самасун Ратчабури" командасынан 2:3 эсебинде жеңилип калды.

Бул жыйынтык менен "Эйр Форс" "В" тайпасына 2-орунду ээлеп, жарым финалга өтө алды. Анда Оңол Каныбек уулунун командасы "Накхон Ратчасима" командасы менен туш келет.

Жарым финалдык беттештер бүгүн, 31-мартта орун алмакчы.

Эске салсак, Оңол Каныбек уулу командасы менен Таиланд чемпиондугунун күмүш медалдарынын ээси болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: