Алмазбек Атамбаев: "Сапар Исаков "Раим миллионду" иштен алгандан кийин ага чабуул башталды"
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Раим Матраимовду Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотуу анын жеке тапшырмасы болгонун айтты.
Бул тууралуу Атамбаев бүгүн, 31-мартта КСДП партиясынын курултайынан кийин ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
"Азыркы коррупцияга каршы кылмыш иштеринин көбү Атамбаевдин тушунда ачылган. Өткөн жылы Бажы кызматындагы коррупциялык схемалардын айынан бюджетке 10 миллиард сом түшпөй калган. Мен өткөн жылы эле Сапар Исаковдон бул тармактагы "серый кардиналдардын" бири "Раим миллионду" иштен айдоону сурангам. Ал аны 23-ноябрда кызматтан алды. Сапар Исаков анын парламенттеги жана прессадагы тарапташтарынын чабуулу астында калды. Эгер сен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кыйкырсаӊ, анда сенин жакындарыӊда эч кандай "Раим миллиондор" болбошу керек. Албетте, адам бир тууганынын аракеттери үчүн жооп бербейт. Бирок өткөн жылы махинациялардын айынан бюджетке 10 миллиард сомдой акча түшпөй калыптыр", - дейт Атамбаев.
Бүгүн Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын курултайында партиянын төрагасы болуп шайланды.
Атамбаев: "Сапар Исаков "Раим миллионду" иштен алгандан кийин ага чабуул башталды"


