Алмазбек Атамбаев: "Мен Кой-Ташка жашайын дегем, аялым көнбөдү"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясына жаңы үй салганын ырастады.
"Мыйзамга ылайык, мамлекет Роза Отунбаева сыяктуу мени да үй менен камсыздашы керек. Бирок мамлекетте ашыкча акча жок болгондуктан өз чөнтөгүмдөн бердим. Кошумча жумшалган акча башка фонддордон берилди. Резиденциядагы үй меники эмес, мамлекеттики. Ага акчаны мен берип, бюджеттен 1 тыйын кеткен жок. Бул менден мамлекетке белек. Кой-Таштагы үйдү бүтүрүп ошол жакта жашайын деп жаткам. Бирок үй-бүлөм, карым-катышым бар, алар макул болушкан жок. Аялым шаарда жашайлы деди", - дейт Атамбаев.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевге "Ала-Арчада" 89 миллион сомго жаӊы дача курулганы белгилүү болгон. Акчанын 77,8 миллионун экс-президент өз чөнтөгүнөн берген.
Экс-президент бүгүн, 31-мартта КСДП партиясынын курултайынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Атамбаев: "Мен Кой-Ташка жашайын дегем, аялым көнбөдү"


