super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов тиешелүү шаардык кызматтарга жолдордо тартиптин сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырма берди

 
Шаар башчысы Иса Өмүркулов тиешелүү шаардык кызматтарга жолдордо тартиптин сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. “Шаардын жолдорунда катташкан муниципалдык, жеке унаа айдоочулары тарабынан жол эрежелери сакталбайт. Жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустар туш келген жерге токтой беришет, тейлөө маданияты өтө төмөн, аялдамаларда бир нече катарга тизилишип, жол кыймылына жолтоо кылышат. Шаардык МАИ кызматы жолдордо тартипти камсыз кылууга үлгүрбөй жатат”,- деди Өмүркулов. Мындан тышкары унаалардын техникалык абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин да белгиледи. Шаар тургундарынын көптөгөн кайрылуулары боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөөчү автобустардын жүрүү графигин сактоо боюнча рейддерди уюштуруп туруу тапшырмасы берилди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: