Атамбаев парламентти таратуу тууралуу: "Керексиз, бирок Кыргыз мамлекетинде баарын күтүүгө болот..."

31-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаев парламентти таратуу жөнүндө айтылып жаткан сөздөргө комментарий берди. Атамбаев мөөнөтсүз шайлоолор өлкөгө керексиз экенин айтып, бирок Кыргыз мамлекетинде баарын күтүүгө боло турганын эскертип өттү.
Журналисттер Атамбаевден "спикер же премьер болушуӊуз мүмкүнбү?" деп сурашты.
"Эгер кандайдыр бир креслодо калгым келсе, башым оорутпай туруп калып калсам болот эле. Менин экинчи мөөнөткө барышымды башка өлкөнүн президенттери гана эмес, өлкөдө миӊдеген жарандар да суранышты. Миӊдеген жарандардын колу коюлган каттар келди. Каалоом болсо, президенттик креслодо калат элем. Бизге туруктуулук гана керек. Мен саясатка кайсы бир кызматты ээлөө үчүн кайткан жокмун. Өлкөгө баштан өткөн оор мезгилдер, кландык башкаруу кайтышын каалабайм. Ошондой эле бул жолу КСДП жалгыз өзү эмес, парламентке татыктуу партиялар келсе, алар партиядагы талапкерлердин тизмесин өзгөртүүгө болбой турган мыйзам менен келсе... Ушул маселелердин аягына чыгаруу керек. Албетте, "саясатта болгум келбейт" деп айтып коюу жеӊил, бирок мен парламенттик өлкө болсок, күчтүү жарандык коом болсо деп келгем. Ошондуктан сыртта карап турбашым керек", - деди Атамбаев.
Атамбаев парламентти таратуу тууралуу

