super.kg logo

Бүгүн улуттук китепканада балдар китептеринин Эл аралык күнүнө арналган иш-чара өтөт

 

Бүгүн, 2-апрелде балдар китептеринин Эл аралык күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Жылдыздар балдарга окуп беришет" аталышындагы атайын даярдалган иш-чара өтөт. Бул тууралуу аталган китепканадан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, иш-чаранын негизги максаты - коомчулукту жана жаш балдарды китеп дүйнөсүнө кызыктыруу. Анын алкагында белгилүү жазуучу, педагогикалык илимдердин доктору жана маданият кызматкери Сулайман Рысбаев жаш балдарга өзүнүн аңгемелерин окуп берсе, алып баруучу Салтанат Саматова "Күн кайда жашынат?" аталышындагы жомокту окуп бермекчи. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын куурчак театрынын актёрлору жана "тамашоучу" Самат Эркинбеков менен жолугушуу күтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Балапан канаты" аталышындагы балдар китептеринин көргөзмөсү орун алат. Кирүү акысыз.

Айта кетсек, 1967-жылдан тартып белгилүү балдар жазуучусу Х.К.Андерсендин туулган күнүнүн урматына балдар китептеринин Эл аралык күнү белгиленип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: