super.kg logo

Камсыздандыруу компаниясы: "Маршруттук таксилерди камсыздандыруудан өткүлө деп эскертүү кеч берилди деген калп"

 

Маршруттук таксилер камсыздандыруудан өтсүн деген мыйзам 2010-жылы күчүнө кирген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргызинстрах" камсыздандыруу компаниясынын башчысынын орун басары Бакыт Иманбеков билдирди.

Анын айтымында, маршруттук таксилерди камсыздандыруудан өткүлө деп эскертүү кеч берилди деген калп.

"Маршруттук таксилер камсыздандыруудан өтсүн деген мыйзам 2010-жылы күчүнө кирген. Бирок 2010-жылдан бери иштеген эмес. Маршруттук таксилердин айдоочуларын "камсыздандыруу боюнча эскертүү 30-мартта берилди" дегени калп. Анткени биз жылдын башында эле Жүргүнчү ташуучулар ассоциациясы менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Марттын башында эле МАИ кызматкерлери кичи автобустардын башчыларын чакырып, "мыйзам күчүнө кирет, камсыздандыруудан өткүлө, болбосо айыпка тартыласыңар" деп эскертүү берген. Учурда шаардагы маршруттук таксилер камсыздандыруудан өтүү үчүн 2458 сом төлөш керек, ошондо күнүнө 10 сомдон болуп калат", - дейт Бакыт Иманбеков.

Айта кетсек, бүгүн, 2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташкан. Алар мунун себебин жумушка атайын форма кийүү талабы, камсыздандыруу компаниясын киргизүү, жол эрежесин бузуу боюнча айыптар эки эсеге өскөнү менен түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
02.04.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура камсыздандыруу кириш керек элдин жана озундун коопсуздугун учун, бирок жол кире 10 сом ото эле аз алар деле жан багыш керек. Уй було деген бар бала чака. Ар кайсы жерден токтотгону озубуз куноолубуз баарыбыз тен аялдамага барып олтурсак болбойбу. Корунгон жерден озубуз токтотобуз.
02.04.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
камсыздаган компаниянын эле кызыкчылыгы экен да ,кереги жок эле нерсе ,бир нерсе болсо артынан чуркап 2-3ай дегенде арзыбаган акча берет болуп болуп ,кобу аны кутбой эле озу кылып алат ошо менен ал акча стах.компанияда калат мына ушунтип элдин канын соруп жатышат булар
02.04.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайдагы 10сом кунуно 81сомдон тура келет
02.04.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи жолду ондоп анан суйлогулочу. Биз жактагы маршрут айдагандарга боорум ооруйт. Чон трассага чыкканга чейин маршрут менен ашказан ичегилерин бут аралашып кеткендей болуп чыгабыз жолдун ункур чункурунан. Анан алар кечке ходовой жасатып, ресор алып куну отуп жатат да. Мерстин запчастары да кымбат. Эми союзга кошулганы чет жактан ташылчу мотор, запчастын баасы асманга которулду. Элди ойлогон эч ким жок, эч нерсе кылбай эле жегендер кобойду
02.04.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камсыздандруу эч бир керексиз компания. Бул бизге азырынча керек эмес. Керек дегендер үй жайын машмна ж.б. нерселерин камсыздандыра берищсин. Сөз сүз түрдө дегени туура эмес. Лично мага керек эмес себеби бир нерсе болсо төлөп бере алышпайт булар.
02.04.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камсыздандырууну арзандатыш керек. Аябай коп. Ал дагы бир чондун жеке фирмасына тушот. Бир жылда маршрутка менен 2 дей оор кырсык болот. Ошого ошончо акча чогултабы. Маршруткадагылар да бир жылда толочу 2000 сом учун, бир кундо тапчу 2000 сомдон айрылды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: