super.kg logo

Башкы прокуратура Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерине кылмыш ишин козгоду

 

Башкы прокуратура Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз уруксат кагазын жасап берген Миграция кызматынын кызматкери 304-берене (кызматтык абалды кыянаттык менен пайдалануу) менен айыпталууда.

2017-жылдын октябрь айында чет өлкөлүк ишкерлерге жумушка уруксат кагазын берүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аталган документтерди берүү токтотулган. Бирок 2017-жылдын 26-октябрында Миграция кызматынын чет өлкөлүк ишкерлерге жумушка уруксат кагаздарын жасоо бөлүмүнүн жетекчиси М.Б. өзү түзүп берген тизмедеги чет өлкөлүк жарандарга жумушка уруксат кагазын берүү аракетин ишке ашырган. Ошондой эле башка чет өлкөлүк жарандардын жумушка уруксат кагазын алуу өтүнүчү каралган эмес.

Мындан сырткары, ушул күнгө чейин Кытай Эл Республикасынын жарандарынын мөөнөтү бүткөн уруксат кагазы жокко чыгарыла элек. Тескерисинче, дагы 5 кытайлык жеке ишкерге кошумча квота берилген. Мындай иш аракет лицензиялык мыйзамдарды бузган. Башкы прокуратура аталган кылмыш иши тиешелүү тергөө органдарына өткөрүлүп берилгенин айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
02.04.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайлар депортациялансын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: