super.kg logo
  Спорт  

Айжан Съездбекова шахмат боюнча Азия чемпиону аталды

 

Кыргыз шахматчысы Айжан Съездбекова Таиландда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеште Кыргыз спортчулары 2 медаль жеңип алышты.

"Мелдеш 1-10-апрель аралыгында Таиланддын Чиангмайе шаарында өтүүдө, ага Кыргыз өлкөсүнөн 12 жаш спортчу катышууда. Алар 8, 10, 12, 14, 16, 18 жашка чейинки категорияларда күч сынашууда. Кечээ, 1-апрелде рапид боюнча мелдеш жыйынтыкталды, анда 8 жашка чейинки категорияда Айжан Съездбекова алтын медаль жеңип алса, Руслан Съездбеков 16 жашка чейинки категорияда коло медалдын ээси болду. Алдыда дагы мелдештер бар, спортчуларыбыз дагы медалдарга ээ болот деген ишеничтебиз", - деди Милан Турпанов.

Айта кетсек, бүгүн, 2-апрелде классикалык шахмат боюнча мелдеш старт алса, 6-апрелде блиц боюнча мелдеш башталат.

Эске салсак, Айжан Съездбекова өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогун жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: