super.kg logo
  Спорт  

Волейболчу Оңолбек Каныбек уулунун командасы Таиланддын Суперлигасын жеңип алды

 

Волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулунун командасы Таиланддын Суперлигасын жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.

Кечээ, 1-апрелде Таиланддын Суперлигасынын финалдык беттештери орун алды. Анда Оңолбек Каныбек уулунун "Эйр Форс" командасы "Васакха" командасы менен күч сынашты.

Беттеш 3 партияга созулуп, "Эйр Форс" командасы 3:0 (партиялар боюнча 25:22, 25:12, 25:20) эсеби менен жеңишке жетти. Ал эми Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу беттештин мыкты оюнчусу аталды.

Айта кетсек, волейбол боюнча Таиланд чемпиондугунун 2017-2018-жылдын жыйынтыгында 6 команда "Thai-Denmark Super League" мелдешине катышууга мүмкүнчүлүк алган, алардын ичинде Оңолбек Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс" дагы болгон.

Эске салсак, Оңол Каныбек уулу командасы менен Таиланд чемпиондугунун күмүш медалынын ээси болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
02.04.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Калпак кийгени жакты. Кыргыз экенин корсотуп озгочолонуп турат.
02.04.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Красавчик кыргыздын атын чыгарып журо Бер!!!
02.04.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онолбекти, биздеги оюнчуларды мамлекетибиз котормолосо алар Кыргызстандын атын чыгармак. Таланттарды таптай албадык, талаш уруш менен кун отмой. Качан онолобуз, Онолбек?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: